Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидке Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтүндө болгон өрттүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 27-сентябрында Найнава аймагындагы ресторанда орун алган чоң өрттүн натыйжасында көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан