Өлкөдө суу чарба объектилерин оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 962 миллион сом бөлүндү

Өлкөдө суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 миллион сом каралды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, каралган суммадан 27-сентябрга карата 674 миллион сом каржыланды. Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 587,2 километр чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 614 гидротехникалык курулмалардын, 248 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 100 насостук станциялардын, 163 насостук агрегаттардын оӊдоо, 21 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.
"146,3 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 2926 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.
Ал эми, Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын “капиталдык оңдоолор” титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан