Бүгүн, 28-сентябрда, президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
- Биринчи айым Айгүл Жапарова;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.