Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев күйүүчү май куйган жайлар бензинди тийиштүү деңгээлде куюп бербей жатканын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, учурда бензин кымбаттап, ансыз да эл арасында нааразычылыктар болууда.
"Күйүүчү май куйган жайлар бензинди өзүнүн тийиштүү деңгээлинде куюп бербей жатыптыр. Мага бул боюнча айдоочулар кайрылышты. Алар Казакстандан мыйзамсыз алынып чыккан бензинди куюуга аргасыз болуп жатабыз дешти. Бизде тиешелүү кызматтар бар, ошолор көзөмөлдөп берсин. Болбосо чогуу барып кайсы май куюучу жайлар өзүнүн литринен азыраак бензин куюп жатканын бирге далилдейли",-деди Абдалиев.