2022-жылдын башынан бери жашы жете электерге сексуалдык ыдык көрсөтүү жана зордуктоо боюнча соттолгон 88 адам абактан бошотулган. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, алардын жазасы шарттуу жаза менен алмаштырылган, шарттуу жаза алгандар пробациялык көзөмөлдө болушат.
"Зордуктоо беренеси менен соттолуп, бирок эркиндикке чыгып кеткендердин саны жүздөн ашыптыр. Алар өспүрүмдөрдү зордуктаганына карабай, кайра эле тез арада абактан чыгып кетет экен. Бир факты айтсам үрөйүңөр учат, ал шартуу түрдө бошотулгандан кийин жабырлануучуга кайра барып зордуктап, кайра боюнда болуптур", - деди Акаев.
Ошондой эле ал мындай кылмыштарга байланыштуу мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыкканын айтып, аны экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууну сунуштады.
"Соттор мыйзамдан ушундай жылчыктарды таап алган. Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкер, мыкаачыларга карата пробация колдонулбашы керек, аларды түрмөдөн бошотууга бөгөт коюшубуз зарыл", - деди эл өкүлү.
Акаевдин пикирин бир катар кесиптештери кубаттады. Депутат Марлен Маматалиев бир жыл мурун Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилгенин, ага ылайык, зордуктагандарга карата жеңилдетүүчү жагдайлар колдонулбай турганын белгилеп, бирок учурдагы фактылар баары тескерисинче болуп жатканын билдирди.