Бишкекте эко-автобустар үчүн токтоочу жай курулат

Борбор калаада эко-автобустар үчүн токтоочу жай курулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаратылыш газы менен жүрүүчү жаңы автобустарды ишке киргизүүнүн алкагында Калыс-Ордо конушундагы акыркы №50 автобус каттамын өнүктүрүү пландалууда.

"Биринчи Май райондук акимчилигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" ишканасы жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан комиссиялык иш-чара өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, 10 эко-автобус бата турган аймакка баа берүү, ошондой эле майда оңдоо иштери жана айдоочулар үчүн даараткана куруу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо конушундагы 112 жана 15 көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул тилкеге №173 маршруттук каттамынын акыркы токтоочу жери болгон.

Маалымат үчүн: Калыс-Ордо конушу 2003-жылы негизделген, аянты 135,0 гектар, калкы 8 миң 911 адамды түзөт. №86 жалпы билим берүү уюму, врачтык амбулатория бар, учурда мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп жатат, ошондой эле ичүүчү суу үчүн скважина бургулоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан