Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы эртеңден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Торугарт", "Эркечтам" көзөмөл бекеттери 29-сентябрдан 3-октябрга чейин жабык болот.

"29-сентябрда Кытайда Күздүн ортосу майрамы жана 1-октябрда Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү белгиленет. Буга байланыштуу 29-сентябрда, андан тышкары 1-октябрдан 3-октябрга чейин чек арадан унааларды, жүргүнчүлөрдү өткөрүү токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Чек ара бекеттери 30-сентябрда чектелүү шартта иштейт, ал эми 4-октябрдан тарта кайрадан кадимки тартипте иштөөгө өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан