Кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы эртең аяктайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Маалымдалгандай, кызамык вирусун азайтуу жана жайылышын алдын алуу максатындагы компания 18-сентябрда башталган.
Кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы вирус эң активдүү жүрүп жаткан Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө.
18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөөдө балдардын 55 пайызы вакцина алды.