Бир айга жетпеген убакытта билим берүү министри болуп убактылуу иштеп жаткан Уланбек Усеков кызматтан алынды

Бүгүн, 28-сентябрда Уланбек Усеков билим берүү министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Уланбек Усеков билим берүү министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп ушул жылдын 7-сентябрында дайындалган болчу. Ага чейин ал аталган министрликте орун басары болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан