Сооронбай Жээнбековдун убагында парламент төрагасы өкмөткө адвокат болгон, бүгүн да ошол көрүнүш кайталанууда. Мындай пикирди бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев айтты.
Парламентте өлкөнүн кышка даярдыгы тууралуу маселе каралып жаткан. Эл өкүлү жыйынга өкмөт башчы Акылбек Жапаров же анын орун басарларынын бири келбегенине нааразы болду.
"Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда парламентте төрагалык кылуучулар так ушинтип силерге окшоп адвокат болуп отуруп ЖЭБдин меши жарылып, эл кышында суукта жылуулуксуз калган. Бишкектиктер далай кыйынчылыкты көргөн. Төрагалык кылуучулар силерге айтып коёюн, бүгүн да силер өкмөткө адвокат болуп отурасыңар. "Тигил иш сапарга, бул биякка, дагы бири тойго кетиптир" деп. Бүгүнкү күндө кышка кандай даярдык көрүлүп атат? Ошону сурайлы десек өкмөт башчы же анын орун басарларынан бирөө келген жок", - деди Түмөнбаев.
Ошондой эле ал каралып жаткан маселени күн тартибинен алып коюуну сунуштады. Түмөнбаевди төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев төрага жана анын орун басарларына шек келтирбей сүйлөөгө чакырды.
"Сүйлөгөндө эки жакты карап сүйлөсөңүз. Ким адвокат болуп атат? Кайсы министрди коргоп атабыз? Биз деле силердей депутаттпыз. Биз дагы өкмөт башчы, министрлер келсин деп атабыз. Бир нерсени айтып жатканда, ойлонуп сүйлөсөңөр. Силердин таламыңарды талашып жүрөбүз. Мындай кылбагыла", - деди Сыдыгалиев.
Түмөнбаевдин бул сунушун башка да эл өкүлдөрү кубаттады.
Жыйынтыгында кышка даярдык маселесин күн тартибинен алуу сунушун депутаттар бир добуштан колдошту. Бул маселени кийинки аптанын шаршемби-бейшемби күндөрү кароо чечими кабыл алынды.
Бейшемби сайын парламенттин түшкө чейин жалпы жыйынында депутаттарга ар кандай маселелерди айтууга мүмкүнчүлүк берилет, бүгүнкү жыйындын күн тартиби алдын ала өзгөртүлүп, кышка даярдык каралмай болгон. Ага өкмөт башчы баш болгон тиешелүү аткаминерлердин келери пландалган.
Бирок бүгүн жыйын башталганда төрага Нурланбек Шакиев өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөнүн, ал тийиштүү жетекчилер катышарын, вице-премьерлер баары чет өлкөлөрдө иш сапарда жүрөт деп айтканын белгилеп, энергетика министри түздөн-түз жооптуу кызмат адамы болгондуктан анын катышуусу жетиштүү болот деген оюн билдирген.