Саламаттык сактоо министрлиги: "Өлкөдө COVID-19дун "коркунучтуу" түрү тараган жок"

Кыргызстанда COVID-19дун “уулуу” жана “өлүмгө дуушар кылган” түрү тараган жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, башкармалык дельта-штамм тууралуу жалган маалымат WhatsApp тайпаларда тарап жатканын айтып, элди ишенимдүү маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды.

Ага ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 206 миңден ашуун COVID-19 учуру катталган. Анын ичинен ушул жылы жыл башынан бери 427 учур катталды. Учурда COVID-19 жумасына 10го жакын учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан