"Алтын үмүт кылганбыз". Азия оюндарында коло байге уткан Авазбек Аманбеков билдирүү жасады

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков Азия оюндарында Кыргызстанга коло медаль алып келгенден кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Сүйүнчү, биртуугандарым! Азия оюндарында коло медалдын ээси болдум.

Алтын медаль үмүт кылганбыз, тилекке каршы коло менен чектелдик. Кудайга чексиз шүгүр. Бул медаль үчүн чоң жумуш жасаганбыз, жыйынтыгы кубантты. Бул жалпы кыргыз элинин ийгилиги. Жеңишибиз кут болсун, бардыгыңыздарга чоң рахмат", - деп жазды ал.

Ал ушу-санда боюнча турнирге 58 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, коло байге утту. Бул медаль Кыргызстан үчүн Кытайдагы Азия оюндарындагы экинчи медаль болуп калды. Буга чейин Эрлан Шеров дзюдо боюнча алтын медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан