Кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрдагы парламент жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Министрдин айтымында маал-маалы менен туруктуу өчүрүүлөр болбойт, бирок кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр болушу мүмкүн.
"Биздин ар бир абонент менен 24 саат электр энергиясы менен камсыздайбыз деген келишимибиз бар. Кыш мезгилинде өчүрүүлөр болбойт. Эгерде былтыркыдай суук болуп, кошуна мамлекеттерден мерчемделген электр энергиясы келбей калса анда жөнгө салуу иш-чараларын жүргүзөбүз. Кубаттуулук өсөт, биз жабдыктарды сактап калышыбыз керек. Кээ бир жерлерде 1-2 саатка өчүрүүлөр болот", - деди Ибраев.