Ташкенттеги жарылуудан 15 жаштагы өспүрүм каза болду 

Ташкенттеги өнөр жай кампасындагы жарылуу жана өрттүн кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы 162 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 2006-жылы туулган өспүрүм жеринде каза болгон. Окуянын кесепетинен жабыркагандардын жалпы саны 163 адамды түздү", - деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, өспүрүмдүн үстүнө терезе кулап кеткени айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 24 адам ооруканага жаткырылган, калган 138 кишиге жеринде жардам көрсөтүлгөн. Ал эми ооруканаларда оор жаракат алгандар жок экендиги маалымдалды.

Эске салсак, бүгүн, 28-сентябрда саат 02:43 чамасында Ташкент шаарынын Сергели районундагы "Строитель" массивинин аймагында жайгашкан кампалардын биринде жарылуу болгон. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн Telegram-каналында өрт Ташкенттин Сергели районундагы "Интер Логистикс" ЖЧКсына таандык кампада чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан