Эл аралык "Дилгир" сыйлыгынын ээси. Жаңы дайындалган билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева тууралуу эмнелер белгилүү?

Догдуркүл Кендирбаева 1965-жылы 25-июлда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Билими

1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетитин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Кесиби боюнча тарых мугалими.

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2014-жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору.
  • 2012-жылдын июлунан 2014-жылдын сентябрь айына чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары.
  • 2007-жылдын ноябрь айынан 2012-жылдын июль айына чейин Ысык-Көл областтык билим берүү институту. Райондук билим берүү уюмдарынын директору, координатору.
  • 2004-2007-жылдары Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы.
  • 2003-2004-жылдары Жети-Өгүз районун акиминин 1-орун басары.
  • 2002-2003-жылдары облустук мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Эл аралык мамилелер жана инвестиция тартуу лабораториясы. Тарых жана экономика боюнча методист, лабораториянын башчысы.
  • 2001-2002 - Save the Children (Улуу Британия) - Долбоордун аймактык билим берүү боюнча консультанты.
  • 1997-2001-жылдары Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Райондук мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы.
  • 1987-1997-жылдары Жети-Өгүз районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинде тарых жана экономика мугалими.
  • 1982-1985-жылдары "Оргочор" асыл тукум чарбасында эмгектенген.

Кошумча маалымат:

Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон. Мындан сырткары Билим берүү, социалдык сектор жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы да болгон.

Каракол шаардык кеңешинин "Мугалим" шайлоо тобунун жетекчиси.

Сыйлыктары:

  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2002-жыл).
  • Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (1996-жыл).
  • Каракол шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (2008-жыл).
  • Ардак грамота – Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин ыраазычылык каты.
  • Облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары. (1996-2010-жылдары).
  • Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1996-жыл).
  • “Кыргызстан аялдары айылды өнүктүрүүдө” эл аралык сынагынын жеңүүчүсү. ПРООН-ЮНИФЕМ. 2006.
  • Коомчулукка негизделген эрте балдарды өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы инновациялык идеялар сынагынын жеңүүчүсү (2003-жыл).
  • "Жылдын мыкты мугалими-96" облустук, республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү.
  • Эл аралык "Дилгир" сыйлыгынын ээси (2002-жыл).

Эскерте кетске, Догдуркүл Кендирбева Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп бүгүн, 28-сентябрда дайындалды. Аны эмгек жамаатка Акылбек Жапаров өзү тааныштырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан