Бүгүн, 28-сентябрда Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билиришти.
Маалыматта тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Аталган министрликти убактылуу жетектөө милдети ушул жылдын 7-сентябрында Уланбек Усековго жүктөлгөн болчу. Бүгүн ал аталган кызматтан бошотулганы кабарланды.
Эми жаңы министрдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Догдуркүл Кендирбаева буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Мындан сырткары "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фондунун аткаруучу директору да болгон.