Ново-Павловкада 27 жаштагы жигит дайынсыз жоголду

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 1996-жылы туулган Алмазбек уулу Махаммад дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, ал 25-сентябрда Ново-Павловкадагы Калхозная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, арык денелүү, көздөрү күрөң, кашы кенен.

Кийген кийимдери: жеңинде кызыл сызыктары бар кара спорттук костюм, ак футболка.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (3134) 5-33-80; 0 (312) 60-75-67, 0558 86-14-86 0708 86-14-86 номурлары аркылуу байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан