Кыргызстандын делегациясы Ташкентте миграциялык жыйынга катышты

Ташкент шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Миграция органдарынын башчыларынын Кеңешинин жыйырма жетинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, миграция органдарынын Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жетекчилери катышты.

Ага ылайык, Кыргыз делегациясын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жетектеди. Нурдөөлөт Базарбаев миграция жаатында талкууланып жаткан маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, КМШга мүчө-мамлекеттерди аларды чечүүнүн жолдорун издөөгө активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов катышты.

"Жыйындын жүрүшүндө миграциялык абал, миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөр, мамлекеттер аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери, КМШга мүчө-мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү жана расмий иш-аракеттери боюнча миграциялык органдардын жетекчилеринин баяндамалары каралды",- деп айтылат маалыматта.

Жыйындын жыйынтыгында КМШга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү 2024-жылга иш планын бекитип, миграция маселелери боюнча тиешелүү чечимдерге кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан