Түркияда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүүдө (видео)

Түркиянын түндүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир нече шаарларда сел жүрдү. Бул тууралуу Haberturk басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Стамбул шаарынын түндүк-батышында жайгашкан Арнавуткой шаары эң катуу жабыркаган. Сел Силиври, Чаталжа жана Санчактепе шаарларында да катталган.

Акыркы 12 саатта тургундардан Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 1500дөн ашык чалуулар түшкөн. Учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө.

Ал эми каза болгондор же жабыркагандар боюнча маалыматтар айтыла элек.

Провинция бийлиги Стамбулда нөшөрлөгөн жамгыр бүгүн, 29-сентябрда да уланарын эскертти.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан