Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн беш түрү менен камсыздап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда парламенттин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Ал мамлекет буга чейин азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган тогуз продукциянын үчөө менен гана камсыздап келгенин белгиледи.
"Быйыл өзүбүздү картошка менен 190, жашылчалар боюнча 167, сүт азыктары менен 111 пайызга камсыздап жатабыз. Ошондой эле 670 миң тонна кант кызылчасы өстүрүлдү. Кайра иштеткенде 80-85 миң тонна кант өндүрүлөт, башкача айтканда керектүү көлөмдүн 82,7 пайызы. Мындан сырткары 8 айдын жыйынтыгында эт менен камсыздоо 88,6 пайызды түздү. Жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 100 пайызга жетет", - деди Жаныбеков.