Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана "Вагнердин" мурдагы командири Андрей Трошев менен жолугушту. Анда Путин Трошевге ыктыярдуу топторду түзүү сунушун киргизгенин орус басылмалары жазып чыкты.
"Биздин акыркы жолугушуубузда сиз ар кандай күжүрмөн тапшырмаларды аткара ала турган ыктыярдуу бөлүктөрдү түзөсүз деп сүйлөшкөнбүз. Биринчи кезекте, албетте, атайын аскердик операция зонасын сөз кылганбыз. Сиз өзүңүз да ушундай бөлүктө бир жылдан ашык күрөштүңүз. Сиз бул эмне экенин, кандай жасалганын билесиз, согуштук иштер эң жакшы жана ийгиликтүү өтүшү үчүн алдын ала чечилиши керек болгон маселелерди билесиз", - деди Путин.
Ошондой эле орус лидери аскердик операциянын катышуучуларына байланыштуу социалдык темаларды да козгогон. Путин аскердик тапшырма аткарган адамдар коомдогу статусуна карабастан, бардыгы үчүн социалдык кепилдиктер бирдей экенин билдирген.