"Жумуртканы мен өндүрбөйм, тоок тууйт". Атазов менен Жаныбеков кайым айтышты (видео)

Бүгүн, 29-сентябрда парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго "Министрлик дыйкандарга быйыл ушул айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрсөңөр баланча киреше табасыңар деп кепилдик бере алабы? деп суроо салды.

Ага министр Жаныбеков андай кепилдик бере албай турганын айтып, ал дүйнөдөгү базар бааларына байланыштуу экенин белгиледи.

- Атазов: Айта албасаңыз министрликти эмне кармап отурасыз?

- Жаныбеков: Аны сиз да айта албайсыз, министр болсоңуз дагы.

- Атазов: Сиз антип жооп бербеңиз. Менин министр болоюн деген оюм жок, депутат болуп отурам. Жогоруда "тукум өндүрөм" дедиңиз. Кантип өндүрөсүз?

- Жаныбеков: Жумуртканы мен өндүрбөйм, жумуртканы тоок тууйт.

Ошондой эле министр Кыргызстанда жумуртка өндүрүүнүн өсүшү фабрикалардагы тооктордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу экенин айтып, өлкөдө 4 чоң тоок фабрикасы, 20дан ашык орточо фабрикалар иш жүргүзөрүн кошумчалады.
Мындан сырткары Атазов ун маселесине да токтолду. Эл өкүлү "Кыргызстанда өндүрүлгөн унду наабайканага албагыла, Казакстандыкын алгыла деген маалыматтар жүрөт, буга эмне дейсиз?" деп сурады. Министр Жаныбеков, "Эми наабайкананын ээси кайсы унду аларын өзү билет да. Мен наабайкананы кыдырып "сен бул унду ал" деп айтмак белем" деп жооп кайтарды.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобу биргелешкен жыйында Айыл чарба министрлигинин 2023-жылы аткарылган иштери, 2024-жылга карата иш пландары тууралуу маалыматын угушту. Мындан тышкары, жер мунапысын аткаруу, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.
Жогорку Кеңеш 29.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан