Президент Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 29-сентябрда президент Садыр Жапаров Берлин шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башка лидерлери менен чогуу Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү жана германиялык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чараны модератор – Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин төрайымы Катрина Клаас ачып, ал германиялык бизнес борбор азиялык регион менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Атап айтканда, “жашыл энергияны” кеңейтүү жана өндүрүү, чийки затты казып алуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба тармагындагы кызматташтык жана башкалар.

Ал Борбор Азияда айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканына көңүл буруп, кызматташуунун алкагында германиялык жогорку технологияларынын жардамы менен аймактагы түшүмдүүлүктү жогорулатууга болорун баса белгиледи.

Садыр Жапаров өз сөзүндө бул жолугушуу немис бизнесинин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуусу артып жаткандыгын айгинелейт деп белгиледи.

Борбор Азия туруктуу экономикалык өсүш жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен колдоого алынган динамикалуу өнүгүп жаткан аймак.

“Биздин аймак пайдалуу кендерге, суу-энергетикалык ресурстарга бай, ошондой эле өлкөлөрдүн негизги байлыгы – квалификациялуу, жогорку билимдүү, мобилдүү адам капиталы.

Сиздердин көбүңүздөрдүн Борбор Азияда иштеп жаткан олуттуу жана ийгиликтүү тажрыйбаңар бар, биздин мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти жакшы билесиздер. Ушуга байланыштуу биздин жолугушуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабынын башталышын белгилейт деп ишенем.

Кыргыз Республикасы “Борбор Азия – Германия” кызматташтыгынын жаңы форматын кубаттайт жана толук колдойт.

Бул мүчө мамлекет жана Евробиримдиктин экономикасынын локомотиви болгон Германия менен диалогдун жана тыгыз өз ара аракеттенүүнүн биринчи механизми десек болот.

Белгиленген формат бардык багыттар боюнча кызматташуунун натыйжалуу жана ишенимдүү алып баруучусу болуп, өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө кошумча түрткү бериши керек деп эсептейбиз”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент бүгүн бул жерге ири германиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын белгиледи. Бул актуалдуу маалыматты угуу, көптөгөн суроолорго жооп алуу, ошондой эле кызматташууну баштоо боюнча сунуштарды алуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

Борбор Азия Европа менен Чыгыш Азиянын кесилишинде жайгашкандыктан, соода, логистика жана транспорт тармагында эбегейсиз зор потенциалга ээ экенине токтолду.

Садыр Жапаров дүйнөлүк соодада маанилүү чынжыр болгон Улуу Жибек жолу Борбор Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан аркылуу өткөнүн айтты. Бүгүнкү күндө бул транспорттук артерия өзүнүн экинчи жандануусун башынан өткөрүүдө. Анын үстүнө Кыргызстан соода жолдорунда ыңгайлуу географиялык абалды ээлеп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү көпүрө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан