
29-сентябрда Коргоо министри
Бактыбек Бекболотов Орусиянын Тула шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйында коргоо ведомстволорунун башчылары дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана КМШнын жоопкерчилик зонасындагы учурдагы чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө мындан аркы чаралар боюнча пикир алмашышты.
Ага ылайык, жыйындын катышуучулары Шериктештик форматындагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу маселелерин, анын ичинде КМШнын абадан коргонуунун бириккен тутумун өнүктүрүү, аскер кадрларын биргелешип даярдоо жана бөлүкчөлөрдүн талаа машыгуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды талкуулашты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 2024-жылга карата Иш планы бекитилди.