Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 28-29-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиядагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында орнотулган "Жаш Манасчы" жаңы айкелин көрүп чыкты. Ошондой эле Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берип, өлкөдөгү оң жактуу өзгөрүүлөр тууралуу кыскача айтып берди.
Андан соң президент Кыргызстанда гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле компаниянын өндүрүшүн өлкө аймагында локалдаштырууга кызыкдар болгон - «Knauf» ири өндүрүштүк компаниянын жетекчилиги менен жолугушту.
Сапардын экинчи күнүндө, 29-сентябрда, Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен биргеликте жолугушту. Андан соң Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү жана алдыңкы германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кооперацияны өнүктүрүүгө германиялык бизнестин кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи.
Ушул эле күнү мамлекет башчысы "Борбор Азия – Германия" биринчи саммитинин ишине катышты. Күндүн экинчи жарымында президенттин Германиянын вице-канцлери, Экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек жана канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын Берлинге болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосунда миграция жана мобилдүүлүк маселелери боюнча ниеттер жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюу аземи болуп өттү.
Документке кыргыз тараптан Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол койду.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 30-сентябрда эртең менен Бишкекке кайтып келди.