Бүгүн, 2-октябрда президент Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалымдалгандай, Семиз-Бел айылында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу жана башка маданий-массалык иш-чаралар болот.
УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат. Башталышы 10:45те.