Бишкекте тез татым жайларында ууланган адамдардын саны 43кө жетти

Бишкектеги тез татым жайларынан уулангандардын саны 43кө жетти. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Мекеме берген маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылган. Анын ичинен 23ү ооруканага жаткырылган. Алардын экөө балдар экени айтылат.

"Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Керектүү дары-дармектер менен камсыздалды. Ал эми 20 бейтап медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү" деп билдиришти министрликтен.

Белгилей өтсөк, кечээ, 1-октябрда борбор калаадагы тез татым жайларынан шаурмага 21 адам ууланганы маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан