Бишкекте келиндин өз жанын кыйышы: Милиция бул боюнча үн катты

30-сентябрда укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасында Бишкек шаарында келин күйөөсүнүн кордугунан кийин өз жанын кыйганын айткан.

Бул боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганыбызда маалыматты тактады. Милициянын билдиришинче, каза болгон келин 26 жашта болгон.

"29-сентябрда кечки саат 19:58 чамасында милицияга Чокморов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде асынып турган аял табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактынын негизинде тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге дароо барышып, ал жерге барганда факты тастыкталган. Каза болгон келин 1997-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Сырттан текшерүү учурунда (соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен) денеде жаракаттар табылган эмес.

Бул факты электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат", - деп билдиришти райондук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан