Бишкек шаарында аял киши күйөөсүнүн кордугунан кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасында маркумдун жакындарына шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, окуя кечээ, 30-сентябрда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аял күйөөсүнүн зомбулугунан кийин өз жанын кыйган.
"Өз жанын өзү кыйып каза болду. Жакындарынын айтымында бул күйөөсүнүн зордук-зомбулугунан кийин болгон. Бирок алар анын мындай ишке барышына ишенишпейт. Балдары жетим калышты", - деп жазды Назгүл Турдубекова.