Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тердикбаев Эрлис Жекшенович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мукамбетов Руслан Мустафаевич Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ибраев Акылбек Омукеевич коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Карасартов Алмазбек Оганович коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан