Эртең, 4-октябрда Азия оюндарында күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер башталат. Белгилүү болгондой, биринчи болуп килемге грек-рим күрөшү боюнча балбандар чыгат.
Анда Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмак категориясында 1/8 беттешин өткөрөт. Кыргызстандын спортчусунун атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болмокчу.
77 килограмм салмак категориясында Акжол Махмудов да күч сынашып, камерундук Софака Кео менен кез келет.
Мындан сырткары, ушул эле күнү кыргызстандык эки балбан Атабек Азисбеков менен Раззак Бейшекеев да килемге чыгат.
Учурда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда үч байге бар. Алгач Эрлан Шеров чемпион болсо, ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов менен Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болушкан.