Кыргызстанда 20 күндүн ичинде күйүүчү майдын тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Кыргызстанда 20 күндүн ичинде күйүүчү май тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстан мунай өндүрүүчүлөр ассоциациясынан билдиришти.

Буга Казакстандын күйүүчү-майлоочу майларды темир жолу аркылуу ташууга тыюу салганы себеп болгон.

"2023-жылдын 1-сентябрынан тартып "Казакстан Темир Жолы" УК АК расмий билдирүүсүз ай сайын жүк ташуу пландарын, ошондой эле транзиттик күйүүчү-майлоочу майларды ташуу боюнча кошумча пландарды макулдашууну токтотту", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жергиликтүү мунай сатуучу компаниялар "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен бул маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатканы айтылды. Бирок азыркы тапта октябрь айына жарыяланган пландардын дээрлик бардыгы "Казакстан темир жолы" тарабынан четке кагылган.

Мунай өндүрүүчүлөр ассоциациясынан билдиришкендей, 20 күндүн ичинде Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Ассоциация бул маселени эки өлкөнүн өкмөттөр аралык деңгээлинде чечилиши керек экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан