Бүгүн, 3-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында өткөн Европа кеңешинин, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунун жана Европа кеңешинин президенти Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу пикир алышты.
Кулубаев коопсуздук чөйрөсүндө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн, ошондой эле өлкөдө Европа Биримдигинин долбоордук-программалык ишмердигин мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даярдыгын ырасташты.