Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул ууралуу бүгүн, 3-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө министрликтен жалпы 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.
Мындан сырткары жерине “Тазалык” ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада жана жеке менчик 1 экскаватор тартылган.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-октябрда саат 12лер чамасында Бишкектин Широкая көчөсүндө унаа дөңгөлөктөрүнөн өрт чыккан.
Өрт бүгүн, 3-октябрда саат 12:48де толугу менен өчүрүлдү.