Бишкектен чыккан өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп тартылды

Бишкектин Широкай көчөсүнүн №5 дарегинде өрт чыгып, 3 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук №2, 3 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.
Кошумча саат 13:12де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1, жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин "Дордой" базары тарапта ири өрт чыккандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан