Армения парламенти Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Бийликтеги “Жарандык келишим” партиясынан 58 депутат ратификацияга добуш берсе, оппозициядан 25 депутат добуш берген жок. Эми жакынкы арада документке Армениянын президенти Ваагн Хачатурян кол коюшу керек. Мыйзам мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандан 60 күндөн кийин күчүнө кирет.
Рим статуту эл аралык келишим болуп саналат, аны ратификациялаган өлкөлөр эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттендирет (эл аралык коомчулукту тынчсыздандырган кылмыштарды иликтейт).
Эске салсак, 7-мартта Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Балдардын укуктары боюнча комиссар Мария Львова-Белованы “украин балдарына зыян келтирүү” боюнча ишти кароонун алкагында аларды камакка алууга ордер чыгарган. Буга чейин Путин Түштүк Африкадагы БРИКСтин саммитине катышуудан баш тарткан. Себеби Түштүк Африка Рим статутун ратификациялаган өлкөлөрдүн бири болчу.
Ал эми армян бийлиги бул чечимди Орусиянын лидери Путиндин камакка алынышы боюнча өкүмдүн негизинде кароого болбойт деп билдирген. Армениянын расмий өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Рим статутуна кирүү процесси Тоолуу Карабахка байланыштуу жана ал мурда эле башталган.
Буга чейин Пашинян Армения Рим статутун ратификациялоону чечкенин, анткени ЖККУнун жана армян-орус өнөктөштүгү өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жетишсиз экенин билдирген. Москва Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин 8-сентябрда Армениянын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылган.