Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 28-сентябрь күнү Аламүдүн РИИБине 2021-жылы туулган С.А. аттуу наристе белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көк-алалары менен табылган.
Аталган факты каттоого алынып, 122-беренеде көрсөтүлгөн (адам өлтүрүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Соттук медициналык эксперттердин маалыматына ылайык, баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилген, боору жарылып кеткени аныкталып, денесинде күйүктөр аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катарында наристенин энеси 2000-жылы туулган К.А. аттуу жаран жана анын жарандык жолдошу, 1996-жылы туулган чет мамлекеттин М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.