“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргызстандын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.
Конституциялык мыйзам менен Кыргызстандын сотуна Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет, 521-берене менен толуктоо каралат, ага ылайык Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунушу боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра карашы мүмкүн, эгерде:
– чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;
– чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
– чечим Кыргыз элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
"Конституциялык сот мурда кабыл алынган актты кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат. Анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарат.
Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун Регламенти менен аныкталат.
Аталган конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп айтылат маалыматта.