Instagram жана Facebook акы төлөп жарнамаларды бөгөттөй алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын айтымында, Meta колдонуучулардан Facebook же Instagram'дын десктоп версиясында жарнама жок болгондугу үчүн айына болжол менен 10 доллардан акы алууну көздөөдө. Аталган социалдык тармактардын колдонуучулары айына 13 доллар төлөп жарнамасыз колдоно алат.
"Инстаграм менен Фейсбуктун акы төлөнүүчү версиясы пайда болгондон кийин социалдык тармактарды мурдагыдай бекер колдонууга болот деп күтүлүүдө. Бирок колдонуучулар дагы эле максаттуу жарнамаларга туш болушат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин WhatsApp колдонуучулары жакын арада башка мессенжерлердин колдонуучулары менен түз байланыша ала турганы белгилүү болгон.