Москвада КМШ өлкөлөрүнүн медиа форуму өтөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
“Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүүсү” экинчи жолу болууда. Ал 1-ноябрда өтөрү белгилүү болду.
Катышуучулар Шериктештиктеги эл аралык журналистиканын, маалыматтык коопсуздуктун жана саясий чөйрөдөгү иштердин көйгөйлөрүнө баа беришет.
Ошондой эле медиа-форумдун алкагында Telegram каналдарын колдоо стратегияларын, жасалма интеллекттин келечегин жана КМШ өлкөлөрүндө орус тилдүү ЖМКларды өнүктүрүүнү талкуулоо пландаштырылууда.
Форумду Орусиянын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен “Россия сегодня” эл аралык медиа тобу уюштурууда.