Бангкоктун борборунда 14 жаштагы бала адамдарга ок чыгарды

Бангкоктогу ири соода борборлорунун биринде атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, атышуу Siam Paragon соода борборунда болгон. Анда 14 жаштагы өспүрүм бала "Глок" тапанчасы менен адамдарга ок чыгарган. Андан кийин соода борбордогу эл дүрбөлөңгө түшкөн.

Жыйынтыгында 1 адам каза болуп, 10дой адам жаракат алды.

Кылмышка шектүү 14 жаштагы бала ок чыгаргандан 1 саат өткөндөн кийин кармалды. Натыйжада Азиядагы эң ири соода борборлордун бири болгон Siam Paragon убактылуу жабылды.

Кол салуу Таиланддагы балдар борборундагы окуянын бир жылдыгына саналуу күн калганда болду. 2022-жылдын 6-октябрында мурдагы полиция кызматкери бычак жана ок атуучу курал менен окуу жайдын окуучулары жана мугалимдерине кол салган. Жыйынтыгында 36 адам каза болгон, алардын көбү жаш балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан