Дүйнөдөгү эң кыска нике Кувейт өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу РЕН ТВ телеканалы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, жаш жубайлар никесин каттоодон өткөргөндөн үч мүнөттөн кийин ажырашып кетишкен. Ажырашууга күйөөсүнүн келинди кемсинткен сөздөрү себеп болгон.
Тойго келген коноктордун бири күйөө бала келинди кордогондугун социалдык тармактарга бөлүшкөн. Тагыраагы, ал чалынып кеткенден кийин аялына "акмак" деп кыйкырган.
Бул окуядан улам жубайлар нике кыйылгандан 180 секундадан кийин эле расмий түрдө ажырашкан.