Бүгүн, 4-октябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өтүп, анда Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу өз үйүндө түркиялык "Галатасарайга" утулуп калды.
"Оюн 2:3 эсебинде түркиялык клубдун жеңиши менен аяктады. "Манчестер Юнайтед" клубунан голдорду 20 жаштагы даниялык футболчу Расмус Хойлунд киргизди. Ал 17 жана 67-мүнөттөрдө өзгөчөлөндү.
Ал эми "Галатасарай" клубунан Вильфрида Заа, Керем Актүркоглу жана Мауро Икарди гол киргизишти.
Муну менен "Галатасарай" клубу "А" тайпасында экинчи орунга көтөрүлсө, "Манчестер Юнайтед" 4-орунга түштү.
Кийинки турда "Манчестер Юнайтед" конокто "Копенгаген" менен, ал эми "Галатасарай" өз үйүндө "Бавария" менен ойнойт. Эки беттеш тең 24-октябрда өтөт.
Белгилей кетсек, "Галатасарай" клубунда "Ак шумкарлардын" чабуулчусу Бекназ Алмазбеков дагы ойнойт. Алмазбеков сентябрь айында түркиялык клуб менен расмий түрдө профессионалдык клуб менен профессионалдык келишимге кол койгон.
Ал Манчестер шаарына клуб менен чогуу барды, бирок оюнга катышкан жок.