Бекназ Алмазбеков "Галатасарай" менен келишим түздү. Эми "Баварияга" каршы ойнойт

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын эң жаш оюнчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубу менен расмий түрдө профессионалдык келишимге кол койду. Бул тууралуу түркиялык клуб расмий сайтына жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, келишим 2025-2026-сезондун аягына чейин созулат.

Бекназ Алмазбеков өткөн сезондо Түркияда өткөн ар кандай жаш курактагы чемпионаттарда, анын ичинде Жаштар Чемпиондор Лигасында "Галатасарай" клубунун курамында ойноп, 22 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизип, 6 жолу голдук пас берген.

Ал 2020-жылдын март айында АФКнын версиясы боюнча Борбордук Азиядагы эң мыкты жети жаш оюнчунун катарына кирген.

2022-жылдын сентябрында ал «The Guardian» газетасынын маалыматы боюнча ТОП 60 эң таланттуу жаш футболчунун катарына кирген.

Бекназ Алмазбеков Кыргызстандын курамасында 2022-жылдын 11-июнунда Мьянма менен болгон беттеште дебют жасаган. Улуттук курамада 1 беттеш өткөргөн.

Белгилей кетсек, "Галатасарай" клубу Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда "Бавария", "Манчестер Юнайтед" жана "Копенгаген" командалары менен чогуу "А" тайпасына жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан