Венецияда жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурап, кеминде 21 адам каза болду. Бул тууралуу Ansa агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, кырсык кечээ, 3-октябрда Венециянын материктик кварталы Местреде болгон. Анда 40тай адам жаракат алып, 5 адам дагы деле дайынсыз болууда.
Автобус эстакада менен бара жатып, тосмону бузуп өткөн. Андан соң темир жолдун жанына он метр бийиктиктен кулап, электр чубалгысына тийген. Басылманын маалыматына караганда, автобус метан менен иштечү. Ошондуктан соккудан кийин дароо күйүп кеткен. Ал эми туристтер Венециядан Маргерадагы кемпингге бара жатышкан.
Кырсыктан улам Местре менен Венециянын ортосундагы поезд каттамдары токтотулган. Шаардын мэри Луиджи Бругнаро окуяны чоң трагедия деп атап, шаарда аза күтүү күнүн жарыялады.