Быйыл химия боюнча "Нобель" сыйлыгы кимдерге ыйгарылганы белгилүү болду

Бүгүн, 4-октябрда 2023-жылдагы химия боюнча "Нобель" сыйлыгы "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтез үчүн" америкалык окумуштуулар Мунги Бавенди менен Луи Брюске жана орусиялык Алексей Екимовго ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Учурда бардык окумуштуулар АКШда эмгектенип жатканы айтылды.

Кечээ, 3-октябрда физика тармагы боюнча аталган сыйлыкка АКШ, Германия жана Швециядагы окумуштуулар, тагыраагы Огайо университетинен Пьер Агостини, Макс Планк институтунан жана Мюнхендеги Людвиг Максимилиан университетинен Ференц Краус жана Лунд университетинен Энн Л-Хуиллиер ээ болушкан. Аларга сыйлык "заттагы электрондордун динамикасын изилдөө үчүн жарыктын аттосекунддук импульстарын жаратуучу эксперименталдык методдор" үчүн ыйгарылган.

Ал эми 2-октябрда болсо медицина жана физиология боюнча "Нобель" сыйлыгы Каталин Карико менен Дрю Вайссманга "COVID-19га каршы эффективдүү mRNA вакциналарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген нуклеозиддик базанын модификацияларына байланыштуу ачылыштары үчүн" берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан