Бүгүн, 3-октябрда жылдын физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду.
Быйыл физика тармагы боюнча аталган сыйлыкка АКШ, Германия жана Швециядагы окумуштуулар, тагыраагы Огайо университетинен Пьер Агостини, Макс Планк институтунан жана Мюнхендеги Людвиг Максимилиан университетинен Ференц Краус жана Лунд университетинен Энн Л-Хуиллиер ээ болушту.
Сыйлык "заттагы электрондордун динамикасын изилдөө үчүн жарыктын аттосекунддук импульстарын жаратуучу эксперименталдык методдор" үчүн ыйгарылды.
Былтыр физика боюнча "Нобель" сыйлыгы америкалык Жон Клаузер, француз Ален Аспект жана австриялык Антон Зейлингерге ыйгарылган. Алар бул сыйлыкка кванттык технологиянын жаңы доорунун пайдубалын түптөгөн эксперименталдык куралдарды иштеп чыккандыгы үчүн ээ болушкан.
2021-жылы ушул эле тармак боюнча Нобель сыйлыгы немис окумуштуусу Клаус Хассельманга, италиялык Жорджио Парисиге жана жапон-америкалык Сюкуро Манабеге ыйгарылган. Хассельман менен Манабе "Жердин климатын физикалык моделдөө, вариацияны сандык анализдөө жана глобалдык жылуулукту ишенимдүү болжолдоо" үчүн сыйланса, Париси "атомдордон планеталарга чейинки масштабдагы физикалык системалардагы тартипсиздик менен флуктуациянын өз ара аракеттенүүсүн ачканы" үчүн алган.
Жалпысынан 1901-жылдан бери физика боюнча Нобель сыйлыгы 116 жолу берилип, аны 222 адам алган. Сыйлыктын суммасы болжол менен 1 миллион долларды түзөт.
Эске салсак, кечээ медицина жана физиология боюнча "Нобель" сыйлыгы Каталин Карико менен Дрю Вайссманга "COVID-19га каршы эффективдүү mRNA вакциналарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген нуклеозиддик базанын модификацияларына байланыштуу ачылыштары үчүн" берилген.