Алтуха каймана аты менен белгилүү кримтөбөл үй камагына чыгарылды

Алтуха каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди кечээ, 4-октябрда Биринчи Май райондук соту кабыл алганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Алтынбек Ибраимов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Ал ушул жылдын май айында кармалган. Анын камак мөөнөтү 3-сентябрда узартылган болчу.

Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жети жолу соттолгон.

Ал эми кечээ, 4-октябрда "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев УКМК кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан