Камчы Көлбаев атайын операцияда өлтүрүлдү. УКМК маалыматты ырастады

Кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Белгиленгендей, 4-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин Ибраимов көчөсүндөгү "Блондер Паб" ресторанында жүргөн жери аныкталып, ал УКМК кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. Анын кесепетинен Көлбаев өлтүрүлгөн.

Ал эми дарыгерлер К.Асанбекти октон алган жаракатынан улам каза болгонун аныкташкан.

Учурда ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кошумчалангандай, УКМК кызматкерлери жана карапайым тургундар арасында жабыркагандар жок.

Маалыматка караганда, Көлбаевдин кылмыштуу топтун лидери Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тергөөгө чейин текшерүү иштери да жүрүүдө.

Буга чейин Бишкектин Ибраимов-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Учкун" басмаканасынын аймагында кримтөбөл Камчыбек Асанбекти (Көлбаев) кармоо операциясы жүргүзүлүп жатканы кабарланган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2023-10-04 19:24:00
Не дейбиз, бейишинен орун берсин
+1
Uri24
2023-10-04 19:50:00
Молодцы, туура эле жок кылынды. Камчы - просто бандит и все. ГКНБ созуно турду. Койгулачы капкаятагы кылмышкерлерди авторитет - деп алышат экен. Эч кандай авторитет эмес. Баткенге барып чек ара кайтарышсын, ар кимди тоноп коркутуп тонобой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан