Парламенттин төрагасы Минск шаарындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбар койду

Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларуска расмий иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, төрага эки мамлекеттин гимндеринин коштоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, таазим этти.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан